Биз социалдык тармакта

Агартуу министрлигинде мектептик тамактанууну санариптештирүү талкууланды

Агартуу министрлигинде “Э-Күндөлүк” автоматташтырылган маалыматтык системасынын “Мектептик тамактануу” модулу боюнча тесттик режимдеги жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу 10-мартта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрликтин тиешелүү кызматкерлери, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү, “УЛУТ Софт” жоопкерчилиги чектелген коомунун адистери, Орусиянын тармактык тамактануу институтунун өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарындагы айрым мектептердин тамактанууга жооптуу адистери катышты.
“Мектептик тамактануу модулунун киргизилиши мектептерде тамак-ашты пландаштыруу, эсепке алуу жана көзөмөл жүргүзүү иштерин ачык-айкын жана натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Санариптик чечимдер административдик жүктөмдү азайтып, мектеп кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү менен бирге балдардын сапаттуу жана коопсуз тамактануусун камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондуктан бул система мектептердин реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыгышы абдан маанилүү”, – деп билдирген министрдин орун басары Лира Самыкбаева.

Катышуучулардын сунуштарын эске алуу менен “Мектептик тамактануу” модулун өркүндөтүү боюнча кийинки кадамдар белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан