Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койгон.
“Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер адистигин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Чүй облусундагы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында баштаган.
2015–2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы болуп иштеген.
2018–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында маалыматтык бөлүмдүн башчысы кызматын аркалаган.
Ошондой эле 2022–2024-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси болгон. Ал эми 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматында эксперт болуп эмгектенип келген”, - деп жазылган маалыматта.