Израилдин коргонуу армиясы аба күчтөрү Ирандын эки ири шаарына: Тегеран жана Тебриз шаарларына бир убакта айкалышкан сокку жасаганын билдирди. бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Армиянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, операциянын жүрүшүндө бир нече аскердик объектилер бутага алынган. Бирок соккунун кесепеттери жана жабыркагандар тууралуу так маалымат азырынча жарыялана элек.
Бул окуя Израил менен Иран ортосундагы чыңалуу күчөп турган учурда болгон. Акыркы күндөрү эки тарап тең бири-бирин ракеталык жана аба соккулары үчүн айыптап келишет.
Эксперттер бул кырдаал Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук абалына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.