Биз социалдык тармакта

Бахрейн Ирандын ондогон ракеталарын жок кылганын билдирди

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал башталгандан бери Бахрейндин аба мейкиндигинде 106 ракета жана 176 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлдү. Бул тууралуу 11-мартта Бахрейндин коргоо күчтөрүнүн Башкы командачылыгы X социалдык тармагында маалымдаганын чет элдик басылмалар билдиришти.

"Ирандын Бахрейн падышалыгына каршы агрессивдүү чабуулу башталгандан бери 106 ракета жана 176 дрон тосулуп, жок кылынды",- деп айтылат билдирүүдө.

10-мартта Ирандын Бахрейндин борбор шаарына жасаган чабуулунан бир адам каза болуп, дагы бир нече жай тургун жаракат алды.

Ошондой эле 9-мартта Бахрейндеги мунайды кайра иштетүүчү завод Ирандын ракеталары жана дрондору менен жасалган чабуулдан кийин өрттөнүп кеткени кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан