Америкалык жана израилдик аскерлердин Ирандын энергетикалык инфраструктурасына жасаган чабуулунан кийин Тегеранда аба катуу булганды. Бул тууралуу 10-мартта Иран өкмөтү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Күйүүчү май инфраструктурасына жасалган кыянатчыл чабуулдан кийин биз экологиялык кылмышка күбө болдук. Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттер аймакта экологиялык кырсыкка алып келди. 8-мартта жабыркаган танкерлерден агып чыккан мазут Перс булуңундагы бир нече өлкөнүн пляждарына жеткен",- деп белгиленген маалыматта.
Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен Израилдин мунай сактоочу жайларга жасаган соккуларын "химиялык согуш" деп атады.
8-мартта мунай иштетүүчү заводдордогу жарылуулардан кийин атмосферага уулуу заттар тарагандыктан Ирандын бир нече аймагындагы тургундарга өлкөдө кислоттук жамгыр жаашы мүмкүн экени эскертилди.