Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 11-марттагы кезексиз жыйынында Канатбек Чыныбаевди өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.
Талапкер тууралуу президентинин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев маалымат берди.
Жыйынтыгында комитет Канатбек Чыныбаевдин талапкерлигин жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.