Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев парламенттин 11-марттагы жыйынында Айыл чарба министрлигин буудай өндүрүүнү колго алууга чакырды.
Эл өкүлү Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан куралдуу кагылышты эске салып, анын кесепети буудай тартыштыгына алып келүү мүмкүндүгүн белгиледи.
"Бүгүнкү күнгө чейин Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш токтобой келет. Ал эми Украина дүйнөдө буудайды экспорт кылган өлкөлөрдүн тизмесинде төртүнчү орунда турат. Куралдуу кагылыштын айынан дүйнөдө буудай тартыштыгы жаралуу коркунучу бар. Мындан улам Айыл чарба министрлигине жазгы-талаа иштеринде дыйкандарга буудай үрөнүн таратып, буудайды, унду өзүбүздөн өндүрө тургандай мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү сунуштайт элем",- деди депутат.
Сагынаев өлкөгө ун азыгы коңшу өлкөлөрдөн импорт болуп келерин кошумчалады.