Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров депутаттардын ортосунда бөлүнүү болгонун айтып, эл өкүлдөрүн мындан ары андай аракеттерди кайталабоого чакырды.
"Жакында Жогорку Кеңеште бир окуя болду, аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар "тиги тарап, бул тарап" деп бөлүп-жарууга аракет кылышты.
Бирок, убагында ткототуп калдык. Урматтуу депутаттар, элдин элегинен өтүп, шайланып келген сиздер ушинтип жатсаңыздар, анан карапайым эл каякка барат? Ошондуктан мындар ары андай терс иштерди жасабайлы. Андай бөлүнүп-жарылуу мамлекетке коркунуч жаратат", - деди мамлекет башчы.