Биз социалдык тармакта

Президент студенттерди ротация кылуунун максатын түшүндүрдү (видео)

Өлкөдө келерки жылдын сентябрь айынан тарта жогорку окуу жайлардын студенттери ротация аркылуу билим алышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында билдирди.

Өлкө башчы мындай кадам бөлүнүп-жарылуунун алдын алуу максатында жасалып жатканын белгиледи.

"Келерки жылы студенттерди дагы ротация кылабыз. Мисалы, жалпы 10 миң бюджеттик орун бөлүнөт. Анын 5 миңи түндүккө, 5 миңи түштүккө беребиз да, студенттерди толук ротация кылабыз. Түндүктөгү студенттер түштүккө барып окушат, ал эми түштүктөгүлөр түндүккө келип билим алышат",- деди өлкө башчы.

Президент бул максатта жакынкы арада бюджеттен каражат бөлүнүп, заманбап шарттары менен жатаканалар куруларын кошумчалады.

Президент студенттердин ротациясынын максатын түшүндүрдү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан