Биз социалдык тармакта

"Сиз биринчи президент..." Депутат Примов Садыр Жапаровго алкыш айтты

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.

Ал өлкө башчысынын отурумда депутаттар менен талкуу кылып жатканын тарыхый учур катары баалады.

"Сиз, биринчи президент... Ушундай түз эфирде ачык-айкын депутаттар менен талкуу кылып жаткан президент катары тарыхта каласыз деп эсептейм. Себеби дегенде мурда мындай болгон эмес. Бул сиздин жөнөкөйлүгүңүз, элге жакындыгыңыздан кабар берет",- деди эл өкүлү.

Айта кетсек, Садыр Жапаров учурда парламенттик отурумга катышып жатат.

"Сиз, биринчи президент..." Депутат Примов Садыр Жапаровго алкыш айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан