Биз социалдык тармакта

Кокуловго жооп... Президент депутаттардын кадыр-баркын ким түшүрүп жатканын айтты (видео)

Депутаттардын кадыр-баркынын түшүшү президенттен же министрлерден көз каранды эмес. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өлкө башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештеги жыйында эл өкүлү Эрулан Кокуловго жооп берип жатып белгиледи.

"Депутаттардын кадырынын түшүп кетиши ар бир депутаттын өзүнөн, президенттен эмес. Майда-чүйдө маселелерди көтөрүп, болор-болбос бир нерсе менен элдин алдында уят болуп жатсаңар, эл кантип сыйлайт? Депутат деген орчундуу маселелрди көтөрүш керек",- деди Жапаров.

Президент депутаттарга коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жалпы маанидеги маселелерди көтөрүп чыгуу зарылдыгын эске салып, багыт берди.

Кокуловго жооп... Президент депутаттардын кадыр-баркын ким түшүрүп жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан