Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү ант берди. Отурумга президент Садыр Жапаров да катышты.
Ант берген жетекчилер:
- суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков;
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев;
- илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова;
- транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев;
- саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов;
- өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев;
- улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков.
Аземден соң президент депутаттардын суроолоруна жооп берди.