Биз социалдык тармакта

Жаз мезгилинде териге кам көрүүнүн 5 маанилүү эрежеси

Жаз мезгили келгенде аба ырайы өзгөрүп, тери да жаңы шартка ылайык кам көрүүнү талап кылат. Кыш мезгилинен кийин көбүнчө бет териси кургап, безеткилер же ар кандай көйгөйлөр пайда боло баштайт. Ошондуктан жаз айында бетке өзгөчө кам көрүү абдан маанилүү.

Адистердин айтымында, туура тамактануу жана жетиштүү суу ичүү теринин ден соолугуна чоң таасир берет. Жаздын алгачкы күндөрүндө жашылча-жемиштерге бай тамактар жетишсиз болот эмеспи, мындан улам бетти атайын керектүү витаминдер менен камсыздап туруу зарыл.

Жаз мезгилинде териге кам көрүүнүн 5 маанилүү эрежеси:

Терини жумшак тазалоо:

Жаз мезгилинде бет терисин туура тазалоо абдан маанилүү. Адистер бетти күнүнө эки жолу жумшак тазалоочу каражат менен жууп турууну сунушташат. Бул теринин үстүндө чаңды, ашыкча майды жана бир күн бою териге топтолгон кирди кетирүүгө жардам берет.

Нымдаштыруу

Кыш мезгилинен кийин тери көбүнчө кургап, алсыз болот. Мындан улам бул учурда бет терисин нымдаштыруу өтө керектүү. Мындай кам көрүү терини жумшартып, сергек көрүнүш берет.

Күндөн коргонуу

Бет тересин күндөн коргоо ар бир мезгилде маанилүү эреже. Бирок жазында күндүн нуру күчөп, абада уулуу заттар көп болгондуктан, күндөн коргонууга бул айларда көбүрөөк көңүл буруу керек. Ал эми күндөн коргоочу каражаттар, SPF кремдери терини ультракызгылт нурлардан сактап, бетке тактардын жана эрте бырыштардын түшүүсүн алдын алат.

Туура тамактануу

Бет терисинин сулуулугу жана тазалыгы адамдын ички ден соолугу менен сөзсүз түрдө тыгыз байланышта. Эгер организм жетиштүү витаминдерди жана пайдалуу азыктарда алса, тери да таза жана жаркырап турат. Ошондуктан жаз мезгилинде туура тамактанууга өзгөчө көңүл буруу маанилүү. Жаздын башталышы менен жашылча-жемиштер жетиштүү болбогону менен, сабиз, кызылча, бадыраң, алма, көк чөптөр сыяктуу азыктарды табууга болот.

Табигый маскалар

Кыш мезгилинен кийин табият жанданып, айлана-чөйрө жаңыланган сыяктуу эле биздин бет терибиз дагы жаңы азыктарды, кам көрүүнү талап кылат. Бул мезгилде бет тереси ойдогудай болуусун кааласаңыз, сөзсүз түрдө жумасына 1-2 жолу табигый маскаларды жасоону унутпаңыз. Мисалы: бал же бадыраң кошулган маскалар терини нымдаштырып, жаңыртууга салым кошот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан