Бишкек шаарында социалдык тармактар аркылуу массалык башаламандыктарга чакырык жасоого шектелген журналист кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-март күнү социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Facebook тармагындагы Даниэль Жоошбаев аттуу аккаунт аркылуу өлкө бийлигин каралоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталган.
Ошондой эле айрым посттордун астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана башаламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр жазылганы белгиленген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аккаунттун ээси 1976-жылы туулган журналист А.А. экени аныкталып, ал укук коргоо органдары тарабынан кармалган.
10-март күнү анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера жана иш үчүн маанилүү болушу мүмкүн болгон башка буюмдар алынган.
11-мартта шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.