Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Документ тууралуу маалыматты Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору адаптациялык спорт түрлөрүн, анын ичинде угуусу начар адамдардын спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган. Ошондой эле республикалык спорт федерациялары менен мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, спортчулардын эмгек стажын эсептөө тартибин киргизүү жана массалык спорттук иш-чараларда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жаңы эрежелерди кабыл алуу каралган.
Талкуу маалында депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, бир катар сунуштарын айтышты.