Катар АКШга Иранга каршы чабуул жасоо үчүн өз аймагын колдонууга уруксат берген эмес. Бул тууралуу Катардын тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Мухаммед аль-Хулейфи Al Jazeera телеканалына берген маегинде билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, Катар бул маселеде так позицияны карманат.
"Катар эч качан коңшу мамлекетке кол салган эмес жана мындан ары да мындай кадамга барбайт. Бул биз үчүн принципиалдуу маселе", - деди министр.
Буга чейин Катар Аль-Удейд авиабазасына Иран тарабынан эки баллистикалык ракета атылганын билдирген. Маалыматка ылайык, абадан коргонуу системалары ракеталардын бирин тосуп калган. Ал эми экинчи ракета бутага тийген, бирок жабыркагандар болгон эмес.