Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев мугалимдердин көтөрүлө турган айлыгы боюнча маалымат берүүнү суранды

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин парламенттеги өкүлүнөн 1-апрелден тарта мугалимдердин жогорулай турган айлык акысы боюнча маалымат берүүнү суранды.

Эл өкүлү "мугалимдердин эмгек акысында предметтерге жараша айырма барбы?" деген суроо койду.

"Коэффициенттер эмнеге ар кандай болуп жатат?" деген суроолор бар. Мисалы, тарых, география сабактарынын мугалимдериникинин коэффициенттери азыраак болуп жатат",- деди ал.

Айта кетсек, кечээ күнкү парламент жыйынында 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулаганы менен бул тизмеге тарых сабагынын мугалимдери кошулбай калганы айтылган. Агартуу министрлиги маалымат таратып, бардык мугалимдердикин эмгек акысы 100 пайыз жогорулай турганын билдирген.

Дастан Бекешев мугалимдердин көтөрүлө турчу айлыгы боюнча маалымат берүүнү суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан