Биз социалдык тармакта

Былтыр интернет шылуундары кыргызстандыктардын канча каражатын "шыпырып" алышкан?

Былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 1547 кылмыш иши козголуп, анын 837си соттук кароого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, интернет шылуундары тарабынан жарандар 826 миллион 995 миң 682 сом зыян тартышкан. Аталган сумманын 73 миллион 896 миң 429 сому жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кайтарылган. Абдиев акчаларды кайтаруунун кыйындашына алдамчылыкка кабылган жарандардын милицияга кеч кайрылып жатканы себеп экенин айтты.

Ал белгилегендей, бул аралыкта шылуундар акчаларды которуулар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарып кетишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан