SUPER.KG порталынын каарманы Шокир мырза 7 ай аралыгында 250 килограммдан 95 килограммга арыктай алганын билдирип, видео жарыялады.
Ал учурда казакстандык машыктыруучу Айтым Жакыповдун көрсөтмөсүндө арыктап, спорт менен машыгып жаткан кези.
Эске салсак, мындан бир жыл мурда биздин портал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына барып, Шокир мырза менен жакындан таанышып келген. Каарманыбыз кызыктуу маек куруп, күнүмдүк жашоосун көрсөткөн. Маектин жүрүшүндө балалык кези, ата-энеси жакындары тууралуу кеңири айтып, башынан өткөн оор учурларга да токтолгон.
Шокирдин баштапкы салмагы 280 килограмм болгон, ал кезде буту шишип, баса албай да калган. Андан кийин диета кармап, 250 килограммга түшүп арыктоонун аракетин көрө баштаган.