Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комисиясынын мүчөлөрүнүн санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Депутаттарга мыйзам долбоорун эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.
Мыйзам долбоору өлкөдө шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн БШК курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык БШКнын мүчөлөрүнүн курамын он эки мүчөдөн жети мүчөгө чейин кыскартуу сунушталууда. Депутат Нурбек Сыдыгалиев экинчи окуунун алкагында БШКнын курамын сегиз мүчөдөн кылып түзүү тууралуу өзгөртүү сунушталарын билдирди.