Казакстанда өтө турган Көкпар боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү катышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта федерациянын президенти Акылбек Эшимов билдирди.
Анын айтымында, Ноорузга карата Кыргызстандын өзүндө маанилүү мелдештер бар.
Казакстанда 15-21-мартта уюштурулуп жаткан турнирге Ооганстан, Кытай, Венгрия, Монголия, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, Түркия барары маалымдалды. Бул арада казак күйөрмандары кыргыз улакчылары жок кызыксыз болорун социалдык баракчаларда жазып калтырышууда.