Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалдарында өлкө лидери Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э акыркы жылдары дээрлик атасындай эле көп көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу маалыматтарды талдап чыкканын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, акыркы үч жылдан ашык убакытта телекөрсөтүүлөрдө Ким Чжу Э катышкан кадрлар 600дөн ашуун ирет көрсөтүлгөн. Ал эми 2025-жылы анын телекөрсөтүүлөрдө чыгуу жыштыгы атасынын көрсөткүчүнө жакындаган.
Ким Чен Ын кызын элге биринчи жолу 2022-жылы көрсөткөн. Ал кезде Ким Чжу Э атасы менен бирге “Хвасон-17” континенттер аралык баллистикалык ракетасынын учурулушун көргөн.
Ошондон бери кыз мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байма-бай катышып, ракета заводдоруна баруу, спорттук оюндар сыяктуу иш-чараларда атасы менен бирге көрүнүп келет. Анын сүрөттөрү өлкөнүн негизги партиялык басылмасы болгон Нодон Синмун гезитинин биринчи бетинде да жарыяланып жүрөт.