Биз социалдык тармакта

Лейлекте үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери көчмө кабылдама аркылуу Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында иш алып барышты. Алар зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн комитет жана милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери айылдагы ар бир үйгө кирип, жарандарга үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, анын кесепеттери жана мыйзам талаптары тууралуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле зомбулукка жол бербөө жана мындай учурлар катталган учурда кайсы мекемелерге кайрылуу керектиги боюнча маалымат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан