Биз социалдык тармакта

Президенттик фонд ар бир дарыгерге ай сайын 15 миң сом акча бөлөт (видео)

Президенттик фонд ар бир дарыгерге ай сайын 15 миң сомдон акча бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай акча каражатын бөлүп берүү, медицина тармагында эмгектенгендерге стимул болот.

"Дарыгерлердин маянасы 100 пайызга жогорулап жаткандын ичинде президенттик фонддон ар бир дарыгерге ай сайын 15 миң сомдон кошумча акча берилет. Бул да болсо дарыгерлерге стимул болот.

Мындан тышкары, жылдын аягына чейин дарыгерлердин депозитин 500дөн 2000ге көтөрүү сунушталууда. Эгер 2500 дарыгерди депозитке киргизсек, алыскы аймактарда кадр жетишсиздиги маселеси чечилет",- деди Мамадалиев.

Президенттик фонд ар бир дарыгерге ай сайын 15 миң сом акча бөлөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан