Өлкөнүн алыскы айылдарындагы ФАПтарда дары-дармектер жокко эсе. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков 13-мартта парламенттин “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында кеп кылды.
Эл өкүлү саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиевге кайрылып, аймактардагы ФАПтарда чакан дарыканаларды ачууну сунуштады.
"Алыскы айылдардагы ФАПтарда дары-дармектер жок экен. Ал жерге кичинекей дарыкана ачып, керектүү дарылар сатылса. Эл ал жерден сатып алат элек дешет. Алар борборго 40 чакырым жолду басып өтүп, дары-дармек сатып алышат экен. Ушул маселеге көңүл бурсаңыздар",- дейт депутат.