Кыргызстанда өткөн жылы онкологиялык ооруларга чалдыккан 6600дөй жаран аныкталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев парламенттин 13-марттагы “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
"Тилекке каршы, жылдан-жылга онкологиялык оорулар жашарып жатат. Өткөн жылы 6600дөй жаңы учур аныкталды.
Эң негизгиси - адам өзүнүн ден соолугуна кайдыгер болбошу керек. Бизде менталитет ушундай болуп калыптыр, оору өтүшүп кеткенде ооруканага барып. Тилекке каршы, кээ бир учурларда оорунун 4-стадиясы чыгып, дарыгерлердин жардамы алсыз болуп калууда",- деди орун басар.