
“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп
Алишер Муратов дайындалды.
Мекеме кабарлагандай, ал 12-мартта өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругунун негизинде кызматка келди.
Белгилей кетсек, аталган ишкана Транспорт жана коммуникациялар министрлигине карайт.