Европа Биримдигинин дипломатия кызматынын башчысы Кая Каллас АКШ Европа өлкөлөрүнүн биримдигин бөлүп-жарууга аракет кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар британдык Financial Times басылмасына берген маегине таянып жазышты.
Калластын айтымында, АКШ Европа өкмөттөрүн өз-өзүнчө аракеттенген, таасири аз абалда көрүүнү каалайт. "АКШ Европаны бөлүүнү каалаарын ачык билдиргенин баары түшүнүшү керек. Аларга Европа Биримдиги жакпайт", - деп баса белгиледи ал.
Ошондой эле АКШ ЕБдин каршылаштары колдонгон ыкмаларды колдонуп жатканын кошумчалады.