SUPER.KG порталынын кезектеги каарманы – көзү азиз болсо да спортто жана бизнесте ийгилик жараткан Азат Токтомбаев. Ал спорттун триатлон түрү менен алектенип, ошол эле учурда спортчулар үчүн пайдалуу батончиктерди чыгарып келет. Кыйынчылыктарга карабай алдыга умтулуп, Олимпиада чемпиону болууну максат кылган жана бизнесин дагы өнүктүрүүнү көздөгөн Азат Токтомбаев менен маек курдук.
"Көзү көргөн адамдардай эле жумуш жасайм. Бирок бир аз башкача ыкма менен. Бир жерге баруу үчүн кадимки эле коомдук транспорт колдоном. Ошондой эле окуу боюнча эки жолу чет өлкөгө чыгып келдим", - дейт каарманыбыз.