Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен америкалык мушкер Крис Кёртистин беттеш алдындагы көз караш таймашы өттү.
Эки мушкер эртең, 15-мартта АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган UFC Fight Night 269 турниринде октагондо күч сынашат.
28 жаштагы кыргызстандык мушкердин эсебинде азыркы тапта 15 жеңиш жана 2 жеңилүү бар. Ал эми америкалык 38 жаштагы мушкер Кёртистин карьерасында 32 жеңиш жана 12 жеңилүү катталган.
Мушкерлер 77 килограмм салмак ченинде күч сынашат.