Биз социалдык тармакта

Өлкөдө зергерлерге жабдуу сатып алууга жеңилдетилген насыялар берилет

Зергерлерге жабдуу сатып алууга жеңилдетилген насыялар берилип, алтынды төмөндөтүлгөн баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул тууралуу Cалык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов басылмалардын бирине берген маегинде билдирди.
Шыкмаматов маегинде мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө токтолду.
"Зергерлик буюмдарын өндүрүүгө адистешкен ишканалар алтынды Лондон биржасынын котировкасынан 2 пайыз төмөн баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул алтын алдын ала төлөмсүз, 6 айлык төлөмдү кийинкиге жылдыруу шарты менен берилет", - деп белгиледи ал.
Ошондой эле мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча мамлекеттик банктар зергер-ишкерлерге атайын жабдууларды сатып алуу үчүн жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыяларды бере баштайт. Мында 180 күндүк жеңилдетилген мөөнөт каралган, бул убакыт аралыгында ишкерлер пайыз төлөбөйт.
"Бул жаңы чаралар кошумча жумуш орундарын түзүүгө, экспортту көбөйтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык зергерчилик рыногундагы позициясын бекемдөөгө жардам берет. Мамлекет өлкө ичинде алтынды кайра иштетүүнү жана зергер буюмдарын өндүрүүнү өнүктүргөн ишкерлерди мындан ары да колдоого даяр. Бизнес менен мамлекет натыйжалуу кызматташса, зергерчилик тармагы Кыргызстандын улуттук экономикасынын өсүү чекиттеринин бирине айланышы мүмкүн", - деп жыйынтыктады Шыкмаматов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан