Биз социалдык тармакта

Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узартылды (видео)

Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын алдында уюштурулуп, бир катар мамлекеттик ишмерлер, жазуучунун замандаштары жана жакындары келишти.
Анда маркум Кеңеш Жусуповду маданият ишмерлеринин арасында өзүнүн кичипейил, сыпайы мүнөзү менен жана мээнкеткеч инсан катары өзгөчө сый-урматка ээ болгонун, жаш акын-жазуучулардын көбү аны устат деп аздектеп урматташарына токтолушуп, анын чыгармачылык сапатын гана эмес, адамдык касиеттерин айтып өтүштү.
Эскерте кетсек, кечээ, 14-мартта Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов 89 жашында дүйнө салды.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узартылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан