7 баланы жалгыз бой тарбиялап келе жаткан Чыңгыз Кытаев курулуш тармагында иштеп, балдарын багып жатканын билдирди.
Бүгүн, 15-март – Аталар күнүн утурлай эмгек министри Канат Сагынбаев аталган үй-бүлөдөн кабар алды.
Көп балалуу ата 5 жылдан бери балдарын өзү карап келе жатканын, балдары чоңоюп ага көмөк көрсөтүп калганын белгиледи.
"Эшикке чыгып ата, үйгө кирип апа болуп жатам. Түшкө чейин кичүү баламды карап турам, анан окуудан кыздарым келип калат. Андан соң жумушка кетем. Кээде эрте, айрым учурларда кеч келип калам. Мисалы, кечээ түнкү саат 2ге чейин иштеп келдим. Убагында кыйналсам, бүгүн бойго жетип, чоңоюп келе жаткан балдарым тамак жасап, күлүп тосуп алышат", - дейт ата.