Бул жылы Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20 миң үй-бүлөгө үй берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын биринчи орун басары Нургазы Атканов "Биринчи радиого" билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы 4 миңден ашуун үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.
"2025-жылы 4662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. Ал эми 2026-жылы 20 миңден ашуун үй-бүлөнү үй менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Азыркы учурда жеңилдетилген ипотека, социалдык ипотека жана арзан ипотека каралган",- деди Атканов.