Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева бюджеттик негизде окуган студенттерден окуудан чыгарылгандан кийин мамлекетке келтирилген чыгымды өндүрүүнү кайра карап чыгуу керектигин айтты.
Ал мындай сунушту бүгүн, 16-мартта Жогорку Кенештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетитинин жыйынында берди. Депутат анын себебин каржылык жагынан тартыш үй-бүлөнүн балдары да бюджеттик негизде билим алышарын, эгер алар окуудан чыгарылса, кесепети болорун айтып түшүндүрдү.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев окуудан чыгарылган учурлардын жагдайлары аныкталарын билдирди. Анын айтымында, студент негизсиз окуудан кетсе, анда ал кайра бюджеттик ордуна ээ боло албайт жана анын окуусуна кеткен чыгымды толтуруп берүүгө милдеттүү болот. Эгер студент негиздүү окуудан кетсе, анда кайра окуусун улантууга укуктуу.