Биз социалдык тармакта

Улуу Британия Трамптын сунушун четке какты 

Улуу Британия АКШнын президенти Дональд Трамптын Ормуз кысыгын ачууга жардам берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалымат боюнча, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Трамптын курчуп бара жаткан экономикалык кризисти алдын алуу үчүн Ормуз кысыгын ачууга жардам берүү чакырыгын кабыл алган эмес. Анда ал минага аңчылык кылуучу учкучсуз учактарды жөнөтүүнү карап жатканын, бирок согуштук кемелерди жөнөтүүгө даяр эмес экенин билдирген.

Ал эми Улуу Британиянын Энергетика министрлиги кырдаалды калыбына келтирүү боюнча мүмкүн болгон чараларды изилдеп жатканын маалымдаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп Иран чектөөгө алган Ормуз кысыгына согуштук кемелерди жөнөтүү сунушун Кытай, Франция, Япония, Түштүк Корея, Улуу Британия жана башка өлкөлөргө жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан