Биз социалдык тармакта

Манаста чет өлкөлүк жаран мейманкананын үчүнчү кабатынан секирип кетти

Манас шаарындагы мейманканалардын биринин үчүнчү кабатынан 29 жаштагы чет өлкөлүк жаран секирип кеткен. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 14-мартта болгон. Чет өлкөлүк жаран "Тез жардам" кызматы тарабынан Манас шаарындагы оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

Чет өлкөлүк жаран тергөөчүлөргө ал өзү мас абалында үчүнчү кабаттын терезесинен секирип кеткендигин жана аны эч ким түртпөгөндүгүн айтып берген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Мейманкананын бөлмөсүнөн энергетикалык суусундук, спирт ичимдиги, тамеки табылып, аталган бөтөлкөлөрдүн идиштеринен бармак издери алынып, соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу учурда дарыгерлердин кароосунда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан