Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков мал арасында шарп ылаңы тарап жатканын айтып, буга Айыл чарба министрлиги тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.
Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин 16-марттагы жыйынында сөз болду.
"Акыркы учурларда аймактарда мал шарп ылаңы менен ооруп жатканы боюнча кайрылуулар келип жатат. Анын артында мал жем жей албай, температурасы көтөрүлүп жатат. Айрым кезде малды өлүмгө алып келген учурлар да бар экен. Бул боюнча министрликте кандай иштер жүрүп жатат?",- деп айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеевге кайрылды.
Дүйшеевдин айтымында, абал көзөмөлдө, вакцина боюнча эч кандай маселе жок.
"Бизде расмий түрдө ал ылаң катталган жок",- деди орун басар.
Жоопко каанаттанбаган эл өкүлү мал ылаңы тамак-аш коопсуздугуна терс таасирин тийгизерин белгилеп, аталган маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды. Ошондой эле кезектеги парламент жыйынында министрликтин бул боюнча маалыматын угууну сунуштады.