Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев жогорку окуу жайлардагы окуу акысы кымбаттап жатканын айтып, бааны турукташтыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Бул тууралуу пикирин эл өкүлү парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 16-марттагы жыйынында кеп кылды.
"Бул бизде курч маселелердин бири болууда. Акыркы убактарда контракттардын баалары көтөрүлүп жатканы баарыбызга эле маалым. Окуу акысын туруктуу кармоо механизими барбы?",- деди депутат.
Илим министринин орун басары Дурус Козуевдин айтымында, контракттын кымбаттаганы жеке окуу жайларда байкалууда, ал эми мамлекеттик окуу жайларда анын баасы көп деле өскөн эмес.
"Тийиштүү жобого ылайык, тарифтердин прейскуранты билим берүүчү уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет. Ал эми аны көзөмөлдөө мыйзам боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аркылуу ишке ашат. Бул боюнча атайын сүйлөшүүлөр, тактоолор жүрүп жатат. Маселени чечүү үчүн иштер жүрүүдө",- деди орун басар.
Депутат Козуевдин айтканына макул эместигин билдирип, "биздеги контракттар азыр Москвадагыдан дагы көбөйүп кетти окшойт",- деди.