Кечээ, 16-мартта БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеваны мандатынан ажыратты.
Ал №29 округдан депутат болуп шайланган. Жунушалиева аталган округдан 6688 добуш алып, төртүнчү орунга чыккан. Бирок гендерлик квотаны эске алуу менен 1 округга берилүүчү 3 манданттын бири ага тийген.
Эми анын ордуна кайрадан эле гендерлик квота боюнча Алтынкүл Мурзакимова келиши ыктымал. Ал 659 добуш алган.