Биз социалдык тармакта

Ноокатта жергиликтүү тургундар имамга унаа белек кылышты

Ош облусунун Ноокат районундагы "Абу Ханифа" мечитинин имамы Имамназар Атаназаровго жергиликтүү тургундар унаа белек кылышты. Бул тууралуу 17-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара таравих намазынан кийин өткөрүлүп, ага муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали Гапуров, Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар Жапаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

"Имамназар кары Атаназаров көп жыл имамдык кызматын аркалап, жаштардын кулк-мүнөзүн, адеп-ахлагын жакшыртууда, үй-бүлө баалуулуктарын сактоодо, ислам дининин негиздерин түшүндүрүүдө талыкпай эмгектенип, Куранды толук жаттаган көптөгөн шакирттерди чыгарды. Имамназар карынын балдар жана кыздар медреселеринин студенттери республикалык Куран жарыштарында алдыңкы орундарды ээлеп келе жаткандыгы чоң жетишкендик",– деп билдирди Султанали Гапуров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан