Бишкек шаарында 21-мартта Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Буга байланыштуу мэрия майрамдык иш-чаралардын программасын жарыялады.
Кабарлагандай, иш-чаралар калаанын төрт районунда уюштурулууда.
Свердлов району боюнча
Кара-Жыгач токоюнда саат 12:00дөн 16:00гө чейин майрамдык иш-чарлар өтөт. Бул жерде улуттук боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин салттары жана турмушу көрсөтүлөт. Чыгармачыл жамааттар менен диаспоралардын катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, спорттук мелдештер, элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь району боюнча
"Ынтымак-2" паркында иш-чаралар уюштурулат. Бул жерде "Шайыр балалык" балдардын чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын катышуусунда концерт өтөт. Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар - шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол, дартс, эстафета, футбол жана волейбол уюштурулат. Мындан тышкары, чыгармачылык мастер-класстар, көргөзмөлөр жана балдар менен чоңдор үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.
Ленин районунда
Иш-чаралар "Газпром - балдарга" спорт комплекси аймагында саат 14:00дө башталат. Бул жерде концерттер, улуттук каада-салттарды көрсөтүү, боз үйлөрдөн турган этно-шаарча, тематикалык көргөзмөлөр жана мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле "Ашар" паркында саат 15:00дө боз үйлөр тигилип, этно-фуршет, спорттук оюндар жана маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.
Биринчи Май районунда
Майрам Ак-Босого конушунда өтөт. Бул жерде салттуу боз үйлөр тигилип, элдик оюндар уюштурулат, каада-салттар көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле келген конокторго улуттук тамак-аштар сунушталат.