Биз социалдык тармакта

Эдил Байсалов: "Мусулмандарды басмырлоого эч качан жол берилбеши керек"

Кечээ, 16-мартта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы ал өз сөзүндө Кыргызстан светтик, көп улуттуу мамлекет экенин айтканын белгиледи. Анын айтымында, эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө диний турмуш жанданганы байкалууда, ал эми мамлекет бул процесстин коомдук ынтымакты чыңдоого салым кошуусуна өзгөчө көңүл буруп келет.

"Биз үчүн исламофобияга каршы күрөш диний жек көрүүнүн бардык түрлөрүнө каршы күрөш менен ажырагыс байланышта. Мусулмандарды басмырлоого эч качан жол берилбеши керек. Ошол эле учурда, христиандарга, иудейлерге жана башка диндин же ишенимдин жолдоочуларына карата да басмырлоого бирдей жол берилбейт. Бүгүнкү күндө биздин милдетибиз жөн гана бири-бирибизге сабырдуулукту жана ар түрдүүлүктү көрсөтүү эмес, биздин ар түрдүүлүктүн байлыгын кабыл алуу жана баалоо”,- деген өкмөт башчынын орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан