Баткендеги "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан Өзбекстандан импорттолуп кирген 82 миң 830 даана көчөт артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.