Биз социалдык тармакта

Кытай Иранга 200 миң долларлык гуманитардык жардам жөнөтөт

Кытай Иранга 200 миң долларлык гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Го Цзякунь билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды өлкөнүн Кызыл Крест уюму Ирандын Кызыл Жарым Ай коомуна өткөрүп берет. Жардам согуштук жаңжалдын кесепетинен жабыркагандарга, анын ичинде каза болгон студенттердин үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталат.

Министрликтин расмий өкүлү Кытай тынч жарандарга жана жарандык инфраструктурага жасалган чабуулдарды кескин айыптай турганын, зарыл болгон учурда Иранга кошумча жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан