Акыйкатчы институту 26-февралда №27 түзөтүү мекемесинде соттолгондордун укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлгөнүн билдирди.
Маалымдалгандай, текшерүүдө абак ашыкча толуп, ар бир адамга белгиленген аянт нормасы сакталган эместиги аныкталды.
"Аталган мекеме 2023-жылга чейин 750 соттолгонго гана ылайыкташылган. Ал эми 2026-жылы колониядагы орундар 2000ге чейин көбөйүп, бирок кошумча имараттар курулган эмес",- деп айтылат маалыматта.