Кыргызстанга гепатитке каршы эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 17-марттагы жыйынында билдирди.
Айтымында, жарандар вакцина алууда жоопкерчиликсиз мамиле кылышат. Тактап айтканда, 6 ай ичинде жүргүзүлгөн вакцинанын 3 дозасын толук алышпайт. Министр сөзүн бышыктоо үчүн гепатитке каршы эмдөө боюнча изилдөө да жүргүзүлгөнүн белгилеп өттү.
"Гепатит боюнча вакциналар акысыз жасалат. Жарандар өздөрү жоопкерчилик алып, вакцина алышпайт. Буга байланыштуу изилдөө жасаганбыз. Анда вакцинанын 1-дозасы берилгенде 90 адам катышкан, экинчисинде алардын 70и, үчүнчү дозада 50 пайызга жетпеген жаран алган. Бул жерде жарандардын жоопкерчиликсиздиги болуп жатат",- деген министр.
Эске салсак, Кыргызстанда 2002-жылдан тартып В гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлүп келет.