Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Нуржамал Төрөбекова саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдон никеге турууну көздөгөн жарандарды милдеттүү медициналык кароодон өткөрүү сунушу боюнча пикирин сурады.
"Кыргызстанда никеге туруунун алдында милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү демилгеси канчалык негиздүү деп ойлойсуз?",- деп собол салды эл өкүлү.
Министр аталган сунушту колдой турганын айтып, бул көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алууга мүмкүнчүлүк түзө аларын белгиледи.
"Менимче, бул милдеттүү болушу керек. Эгер үйлөнүүдөн мурун кыз-жигиттин оорусун билсек, алдын ала алабыз. Эне өлүмүн, тубаса кээ бир оорулардын алдын алып, керектүү консултацияларды бергенге мүмкүнчүлүк жаралмак", - деди министр.