Биз социалдык тармакта

Болот Ибрагимов KOICA’нын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Ен менен жолугушту.

Анда тараптар Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү боюнча KOICA тарабынан ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлорду талкуулашты.

Ибрагимов санариптик технологияларды киргизүү заманбап чечимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана парламенттин институционалдык потенциалын бекемдөөгө жол ачарын белгиледи. Ошондой эле, KOICA тарабынан жасалып жаткан долбоорлор тууралуу кеп кылып, алардын мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Лим Со Ен агенттиктин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, азыркы таптагы жумуштарга, анын ичинде Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө багытталган долбоорлорго токтолду.

Жолугушууда тараптар мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, биргелешкен аракеттер орток демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артарын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан