Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Ереван шаарында өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу аталган федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Лева Варданянды эскерүүгө арналган мелдеш 17-18-март күндөрү өтөт. Анда 20 жашка чейинки балбандар күч сынашат.
Кыргызстандын атынан турнирге 10 балбан катышып, байгелүү орундар үчүн күрөшөт.